Иракта алты аскер шейит болду
Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө 22 - декабрь жума күнү жикчил террордук уюмдун кол салуусу жана андан кийинки кагылышууда 3 аскердин шейит болгондугу, 4 аскердин жаракат алгандыгын билдирген.
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм тарабынан жасалган кол салууларда 6 аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм тарабынан жасалган кол салууда жаракат алган 4 аскерден үчөөсүнүн бардык жардамдарга карабастан шейит болгондугун, жок кылынган террорист санынын жетиге жеткендигин билдирди.
Улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө 22 - декабрь жума күнү жикчил террордук уюмдун кол салуусу жана андан кийинки кагылышууда 3 аскердин шейит болгондугу, 4 аскердин жаракат алгандыгын билдирген.
Министрлик жаңы билдирүү менен жаралуу 4 аскерден үчөөсүнүн да шейит болгонун жарыялады.
Билдирүүдө булар айтылды : "Ирактын түндүгүндө 2023 - жылдын 22 - декабрында жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү тарабынан жасалган кол салууда жана андан кийинки кагылышууда жараланган 4 баатыр аскерибизден үчөөсү куткарыла албай, бардык жардамдарга карабастан шейит болду. Аймакта жок кылынган террористтердин саны 7ге жетти. Операциялар уланууда»