Азербайжан Түркияга көңүл айтты

Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов жикчил террордук уюмдун Ирактын түндүгүндө жасаган кол салуусунда шейит болгон аскерлер үчүн улуттук коргоо министри Яшар Гүлдерге көңүл айтты.

2079978

Хасанов жикчил террордук уюмдун Ирактын түндүгүндө жасаган  кол салуусунда түрк куралдуу күчтөрүнүн аскердик кызматкрелеринин  шейит болушу жана жараланганы тууралуу кабардан терең кайгыргандыгын айтты.

Түркиянын кайгысы Азербайжандын да кайгысы экендигин белгилеген Хасанов : "Террордун  бардык түрүн катуу айыптайбыз. Террор менен күрөшүүдө ар дайым бир тууган түрк куралдуу күчтөрүнүн жанындабыз жана колдойбуз",- деди. 

Хасанов билдирүүсүндө шейит аскерлерге Аллахтын ырайымын тилеп, жаралуу аскерлердин бат айыгып кетишин каалады. 

Тектеш кабарлар