Түркиянын биринчи космонавтынын космоско жиберилиши кечеңдетилди
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр соцтармактан АКШнын Авициялык жана космостук агенттиги НАСА билдирүүсүнө таянуу менен социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.
Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжыны космоско жиберүү күнү кечеңдетилди.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр соцтармактан АКШнын Авициялык жана космостук агенттиги НАСА билдирүүсүнө таянуу менен социалдык медиа эсебинен билдирүү жасады.
Түркиянын биринчи космос жүргүнчүсү Алпер Гезеравжы да орун алган Ах3 миссиясынын ыңгайсыз аба шарттары жана Space X планындагы өзгөрүүдөн улам 2024 - жыл 17 - январга кечеңдетилгендигин айткан Кажыр : "Кызыктуу саякат үчүн бир аз дагы сабырдуу болушубуз керек" ,- деди.
НАСАнын билдирүүсүндө булар белгиленди : "НАСА, Axiom жана SpaceX командалары акыркы ыңгайсыз аба ырайы жана SpaceXти учуруу планындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу 17 - январга чейин Кеннеди космостук борборунан Axiom 3 миссиясын учурууну максат кылбайт".