Түркия Кытайды жаңы жылдык майрамы менен куттуктады

Элчи Мусанын жаңы жылдык куттуктоосу англис тилиндеги Кытай глобалдык телекөрсөтүү желесинин  (CGTN) телекөрсөтүү каналы жана web сайтында жарыяланды.

2079714
Түркия Кытайды жаңы жылдык майрамы менен куттуктады

Түркиянын Пекиндеги элчиси Исмаил Хаккы Муса  Юнус Эмренин "Келгиле тааныш бололу" аттуу ырынан үзүндү менен Кытай калкынын жаңы жылын куттуктады. 

Элчи Мусанын жаңы жылдык куттуктоосу англис тилиндеги Кытай глобалдык телекөрсөтүү желесинин  (CGTN) телекөрсөтүү каналы жана web сайтында жарыяланды. 

Муса куттуктоосунда :

"Келгиле тааныш бололу

Ишти оңой кылалы,

Сүйөлү, сүйүлөлү,

Бул дүйнө эч кимге калбайт",- деген саптарды түркчө, англис тилинде жана кытайча окуду. 

Муса куттуктоосунда Түркия менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык карым  - катнаштардын 1971 -  жылы түзүлгөндүгүн бирок эки өлкөнүн карым  - катнаштарынын кылымдар мурункусуна таянгандыгын белгилеп : "15 - 16 -  кылымдагы дүйнөлүк картаны көз алдыбызга алып келели. Канча өлкөнү санай аласыздар? Бул орток тарыхыбызды, түрк  - кытай карым  - катнаштарынын маанисин түшүнүү үчүн абдан маанилүү жагдай",- деди. 

Элчи Муса куттуктоосун : "Баарыбыз үчүн бактылуу жыл болушун каалаймын",- деп бүтүрдү. 

 



Тектеш кабарлар