Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан, Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операцияларына байланыштуу билдирүү жасалды.

2079115
Террор менен күрөш уланууда

Ирактын түндүгүндөгү Гара, Хакурк жана Кандил аймактарында жикчил террордук уюм ПКК тарабынан колдонулган 14 бутага сокку урулду.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасынан, Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн аба операцияларына байланыштуу билдирүү жасалды.

«Ирактын түндүгүндөгү Гара, Хакурк жана Кандил аймактарында жикчил террордук уюм тарабынан колдонулган 14 бутага Аба күчтөрүбүз тарабынан катуу сокку урулду» деп айтылган билдирүүдө, абадан операциялар менен жикчил террордук уюм колдонгон үңкүр, бункер, баш калкалоочу жай жана кампалардан турган 14 бутанын жок кылынганы кабарланды.

Билдирүүдө операцияларда ата мекендик жана улуттук ок-дарылардын колдонулушу менен көп сандаган террористтин таасирсиз кылынганы белгиленди.

Ошондой эле террорго каршы күрөштүн бир дагы террорист калмайынча чечкиндүүлүк менен улана турганы маалымдалды.

Министрликтин маалымат жыйынында да, акыркы бир жумада өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы операциялар менен Ирак жана Сириянын түндүгүн кошкондо 45 террористтин таасирсиз абалга келтирилгени, ушундайча жыл ичинде жок кылынган террористтердин саны 2120га жеткени билдирилди. 



Тектеш кабарлар