Кажыр Кытайдын Чжэнцзян шаарындагы аккумулятор өндүрүүчү ишканасына барды
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркияда аккумулятор өндүрүшүнүн кубаттуулугун тез арада жогорку деңгээлге чыгарууну каалагандарын айтты.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркияда аккумулятор өндүрүшүнүн кубаттуулугун тез арада жогорку деңгээлге чыгарууну каалагандарын айтты.
Министрликтен берилген маалыматка караганда министр Кажыр Кытайдын Чжэнцзян шаарындагы аккумулятор өндүрүүчү Farasis Energy ишканасына барды.
Тогг жана Farasis Energy өнөктөштүгүндө энергетика сактоочу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн Siro Silk Road Таза энергия сактоо технологияларынын Бурсанын Гемлик районунда курула турганын эске салган Кажыр Тоггдун Farasis Energy менен батарея инвестициясын мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруусун күткөндөрүн айтты.
Түркиянын электрлүү унаалар тууралуу өндүрүш борбору болушу үчүн аккумулятор өндүрүшүндө да борбор болушунун абдан маанилүү экендигин баса белгилеген Кажыр : "Каалообуз Farasis сыяктуу көптөгөн инвестордун алдыбыздагы мезгилде Түркияны тандоосу жана Түркияда аккумлятор өндүрүү кубаттуулугубузду ылдам түрдө жогорку деңгээлге чыгаруу",- деди.