Эрдоган Вучич жана Сиси менен сүйлөштү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

2079072
Эрдоган Вучич жана Сиси менен сүйлөштү
erdogan-sisi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сербиянын президенти Александр Вучич жана Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган Вучич менен сүйлөшүүсүндө Серб лидерин шайлоодогу жеңишинен улам куттуктады.

Сүйлөшүүдө Түркия-Сербия карым-катнаштары, глобалдык жана аймактык маселелер да каралды.

Президент Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү карым-катнаш жана кызматташтыктын жаңы мезгилде да өнүгүп улана турганын айтты.

Эрдоган-Сиси сүйлөшүүсүндө болсо Израилдин Палестина жерлерине кол салуулары жана Газага гуманитардык жардам жеткирүү аракеттери талкууланды.

Эрдоган сүйлөшүүдө, Ислам өлкөлөрүнүн туруктуу ок атышпоо үчүн башталган аракеттерди бирге улантуусунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Сүйлөшүүдө, кайрадан Египеттин президенттигине шайланган Сисиге ийгиликтерди каалаган Эрдоган, жаңы мезгилдин Түркия-Египет карым-катнаштары үчүн пайдалуу болушун тилегенин билдирди.



Тектеш кабарлар