Өнөр жай жана технология министри Кажыр Кытайда

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Кытайда өнөр жай жана технология тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүүдө.

2079035
Өнөр жай жана технология министри Кажыр Кытайда

Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Кытайда өнөр жай жана технология тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн жолугушууларды өткөрүүдө.

Министр Кажыр сапарынын биринчи аялдамасы болгон борбор шаар Пекинде  кесиптештери илим жана технология министри Ин Хицун жана өнөр жай жана маалымат технологиялары министри Цин Куанглун менен жолугушту.

Кажыр Пекинден кийин Шанхай, Цзиньцзян, Вуху, Линган, Нинбо, Шинжаң жана Гуанчжоу шаарларындагы өнөр жай ишканаларын кыдырып, кытайлык фирмалардын жетекчилери жана жооптуулары менен жолугушат.

Кытайдагы программасында электр унаа жана аккумулятор өндүрүшүн биринчи орунга койгон Кажыр Кытайдын Цзянсу провинциясынын Циньцян шаарында Түркиянын жергиликтүү жана улуттук унаасы Tогг проектисинин өнөктөшү Farasis Energy компаниясынын электрдик унаанын аккумуляторун чыгаруучу жайына барат.

Кажыр Кытайдын алдыңкы мамлекеттик автоунаа фирмаларынан Chery, SAIC Motor, Zeekr (Geely) жана GAC Motorдын электр унаа заводдорунда да иликтөө жүргүзөт.

Кытай технологиялык фирмасы Huaweiнин байланыш, булут эсептөө жана автоунаа тармагында иштеп чыккан жаңы технологияларын көрсөткөн кампусту зыярат кылган Кажыр, компаниянын башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушат.

 



Тектеш кабарлар