Куртулмуш Кувейтке барып келди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш кечээ Кувейтке көңүл айтуу сапары менен барды.

2078107
Куртулмуш Кувейтке барып келди

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Кувейттин эмири шейх Наваф аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын каза болушуна байланыштуу жаңы эмир шейх Мишаль аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабах менен жолугушуп көңүл айтты.  

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш кечээ Кувейтке көңүл айтуу сапары менен барды.

Куртулмуш Кувейттин жаңы эмири шейх Мишаль менен Кувейт эл аралык аэропортунда жолугуп, шейх Навафтын дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтты.

Куртулмуш шейх Навафтын өлүмүнөн улам Кувейт калкына да көңүл айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Куртулмуш социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Кувейттин эмири шейх Навафтын каза болушунан улам келген Кувейтте жаңы эмир шейх Мишаль аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахка президентибиздин, жеке өзүмдүн жана улутубуздун атынан көңүл айттык. Кымбаттуу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана боордош Кувейт элине көңүл айтабыз жана сабыр тилейбиз. Маркум шейх Навафка Аллахтан ырайым, Кувейт мамлекетинин жаңы эмири Шейх Мишалга чоң ийгиликтерди каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар