Эрдоган Будапешттеги жолугушууларына байланыштуу билдирүү бөлүштү

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Түркия менен Венгриянын ортосундагы соода көлөмүнүн 4 миллиард долларга жакындаганын айткан Эрдоган, 6 миллиард долларлык орток максатка жетүү үчүн чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.

2078382
Эрдоган Будапешттеги жолугушууларына байланыштуу билдирүү бөлүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен барган Будапешттеги жолугушууларына байланыштуу билдирүү бөлүштү.

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Венгрия менен достук мамилебиз чындыгында бир кылымдан ашты. Премьер-министр Виктор Орбан мырза менен кол койгон Биргелешкен Саясий Декларациянын негизинде мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинен кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрдүк. Венгриянын байкоочу мүчө болгон Түрк Мамлекеттер Уюмуна кошкон салымына кубанычтабыз»,- деди.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Түркия менен Венгриянын ортосундагы соода көлөмүнүн 4 миллиард долларга жакындаганын айткан Эрдоган, 6 миллиард долларлык орток максатка жетүү үчүн чечкиндүү экендиктерин баса белгиледи.

Эрдоган мындан ары да жемиштүү кызматташтыкка ээ болгон коргоо өнөр жайы, энергетика сыяктуу тармактарда байланыштарды дагы да күчтөндүрүүнү пландагандарына көңүл бурду.

Палестина жана Украинада согуш жана зомбулуктун чечим эместиги боюнча венгер жетекчилери менен бирдей пикирде экендиктерин маалымдаган Эрдоган билдирүүсүндө бул сөздөргө орун берди:

«Эл аралык коомчулук Израилге туура билдирүүлөрдү жөнөтүү жана кыргынды токтотуу үчүн негизги жоопкерчиликке ээ. Бул контекстте досубуз Венгриянын керектүү салымды кошуудан баш тартпай турганына чын жүрөктөн ишенемин. Президент Каталин Новак жана премьер-министр Виктор Орбан баштаган бардык венгер досторубузга чын ыкластуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиремин. Кеңешүүлөрүбүз жана кабыл алган чечимдерибиздин пайдалуу болушун каалаймын».

Президент Эрдоган Венгриядагы жолугушууларынан кийин Анкарага келди.



Тектеш кабарлар