Түркиядан палестиналыктарга жардам

Басма сөз катчы Кечели билдирүү жасады.

2077865
Түркиядан палестиналыктарга жардам

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, палестиналыктарга керектүү шашылыш гуманитардык жардамдардын жеткирилиши үчүн бардык мекеме жана уюмдар менен аракеттердин уланып жатканын айтты.

Басма сөз катчы Кечели Х баракчасындагы билдирүүсүндө, Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгынын (AFAD) координациясында 13-октябрдан 12-декабрга чейин 13 аба жана эки кеме менен Египеттин Эль-Ариш портуна 2500 тонна гуманитардык жардамдын жөнөтүлгөнүн белгилеп, мындан ары да жардамдардын көбөйүп улана турганын баса белгиледи.

Кечели, Түрк Кызылайы менен Кувейттин жардам коомунун ортосундагы кызматташтыктын натыйжасында жалпы 1107 тонна материалды ташыган кеменин Эль-Ариш портуна жетейин деп калганын, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин ( ТИКА) да Батыш Шериадан чыга албай калган газалык жумушчуларга жардам жеткиргенин кабарлады.

16-ноябрдан бери 182 бейтап жана жаралуу менен 147 коштоочусунун Газадан Түркияга жеткирилгенин билдирген Кечели, бейтаптар менен жаралуулардын ооруканаларда дарыланып жатканын жана бул сандын дагы дагы өсө турганын айтты.

Кечели Газада талаа ооруканасын куруу иштеринин эң кыска мөөнөттө бүтөрүн маалымдады.



Тектеш кабарлар