Түркия ата мекендик дизайн кайрылууларынын саны боюнча дүйнөдө 2-орунда турат
Кажыр социалдык медиа эсебинен «2023-жылы Дүйнөлүк Интеллектуалдык менчиктин көрсөткүчтөрү отчету» тууралуу билдирүү бөлүштү.
2077556
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын 2022-жылга карата ата мекендик дизайн кайрылууларынын саны боюнча дүйнөдө 2-орунда турганын айтты.
Кажыр социалдык медиа эсебинен «2023-жылы Дүйнөлүк Интеллектуалдык менчиктин көрсөткүчтөрү отчету» тууралуу билдирүү бөлүштү.
Министр Кажыр:«Дүйнөлүк Интеллектуалдык менчик уюму тарабынан жарыяланган 2023-жылкы Интеллектуалдык менчиктин индикаторлор отчетунун маалыматтарына караганда Түркия 2022-жылы атамекендик дизайн кайрылууларынын саны боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Максатыбыз дизайн, бренд жана кошумча нарк чынжырын күчтөндүрүү»,-деп өз баасын берди.