Эрдоган Венгрияга барат

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, дипломатиялык жана экономикалык мамилелерге баа берилүүсү күтүлүүдө.

2077393
Эрдоган Венгрияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган 18-декабрда Венгрияга барат.

Эрдогандын Венгрияга сапары 1-дүйнөлүк согуштан кийин үзгүлтүккө учураган дипломатиялык карым-катнаштарды калыбына келтирүү максатында эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук келишиминин 100 жылдыгына туш келди.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, дипломатиялык жана экономикалык мамилелерге баа берилүүсү күтүлүүдө.

Эрдоган Венгриянын президенти Каталин Новак жана премьер-министр Виктор Орбан менен жолугушат.

Сүйлөшүүлөрдө Түркиянын Европа Биримдиги (ЕБ) менен карым-катнаштарынан Газадагы акыркы абалга чейин күн тартиби менен бирге Түркия-Венгрия экономикалык жана саясий карым-катнаштарынын каралышы пландалууда. Бул алкакта Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйыны да өткөрүлөт. Эки өлкөнүн министрлери карым-катнаштын бардык аспектилерин бир үстөлдө баалап, жаңы келишимдерге кол коюшат.



Тектеш кабарлар