Эрдоган Израилдин Газага кол салууларына сереп салды

Стамбулдагы Ататүрк маданият борборунда өткөрүлгөн «Билимди жайылтуу сыйлыктары» аземине катышкан президент Эрдоган сөзүндө Палестинада 1947-жылдан бери болуп жаткан окуяларга токтолду.

2077433
Эрдоган Израилдин Газага кол салууларына сереп салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Газада Израилдин таш боор башкаруусу улантып жаткан кыргындардын,  Кудстагы агрессивдүү аракеттердин алдын ала турган күндөрдүн жакындап калганын айтты.

Стамбулдагы «Ататүрк» маданият борборунда өткөрүлгөн «Билимди жайылтуу сыйлыктары» аземине катышкан президент Эрдоган сөзүндө Палестинада 1947-жылдан бери болуп жаткан окуяларга жана Түркиянын жакынкы мезгилде башынан өткөргөн терс көрүнүштөрүнө токтолду.

«Мына 1947-жылдагы Палестина жөнүндө ойлонуп, бүгүнкү Палестина жөнүндө ойлонгула. Кайдан каякка? Алар аны кантип пайдаланышты? Палестинада эмне болгонун дүйнөлүк сионизм аныктагандай, бул айыптоо, бул чек аралар, учурда алар андан ары алып кетүүгө аракет кылып жатышат. Түркиянын да бул сценарийден таасир алганын эч ким тана албайт»,-деп айткан Эрдоган Түркиянын азыр демократиясы, коопсуздугу, экономикасы, коргонуусу жана дипломатиясы менен мындан 20-40 жыл мурункуга караганда алда канча эркин экенин, келечегине дагы бир топ ишеним менен карай ала турганын айтты.

Президент Эрдоган Түркиянын саясий, аскердик жана экономикалык жактан күчтөнүшү менен Түркиядан үмүт арткандардын өзүнө болгон ишениминин да артканын белгиледи.

«Учурда Ислам дүйнөсүндө да, түрк дүйнөсүндө да мурункуга караганда бир топ башкача, алда канча позитивдүү жана бир топ кайраттуу атмосфера бар. Карабахтын баскынчылардан бошотулушу бул атмосфераны ого бетер бекемдеди. Таш боор Израиль башкаруусунун Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Газа тилкесинде улантып жаткан кыргындардын жана  Кудстагы агрессивдүү аракеттердин алдын ала турган күндөр да Кудай буюрса жакындап калды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар