Али Йерликая 1069 террористтин жок кылынганын билдирди
Ички иштер министри Али Йерликая Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйынында сөз сүйлөдү.
Ички иштер министри Али Йерликая 2023-жылдын 11 айында 59у жогорку деңгээлдеги террорист делген 1069 террористтин жок кылынганын билдирди.
Йерликая Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жалпы жыйынында сөз сүйлөп, 40 жылдан ашуун өлкөнүн биримдигине жана ынтымагына кол салып, 40 миңден ашык мекендин атуулун шейит кылган, чыккынчы жикчил террор уюмуна каршы жүргүзүлгөн операциялардын жана коопсуздук күчтөрү көрсөткөн аймактык үстөмдүгүнүн натыйжасында террордун соңуна жакындаганын белгиледи.
Террор уюмдарына карата операциялар тууралуу маалымат берген Йерликая: «Быйыл 11 айда жүргүзүлгөн операцияларда 1069 террорист жок кылынды жана бүткүл таасирсиз кылынгандардын 7си кызыл, 1и көк, 2сү жашыл, 16сы кызгылт-сары, 33ү боз категорияда болгон жалпы 59у жогорку деңгээлдеги террористтер болчу»,-деп айтты.