Түркия-Албания биргелешкен билдирүү

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Түркия менен Албаниянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 100 жылдыгына карата биргелешкен билдирүүнү жарыялады.

2077125
Түркия-Албания биргелешкен билдирүү

Түркия менен Албаниянын дипломатиялык мамилелеринин 100 жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсү...

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Түркия менен Албаниянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 100 жылдыгына карата биргелешкен билдирүүнү жарыялады.

Билдирүүдө 1923-жылдын 15-декабрында эки өлкөнүн ортосундагы Достук келишимине кол коюлушу менен дипломатиялык карым-катнаштардын түзүлгөнү маалымдалып: «Бул маанилүү юбилей 2023-жыл бою Анкара менен Тиранада өткөрүлгөн конференциялар, көргөзмөлөр жана концерттер менен белгиленди»,-деп айтылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы оң карым-катнаштарга көңүл бурулган билдирүүдө: «Түркия-Албания мамилелери орток тарых, жакын коомдук жана маданий байланыштарга негизделген. Ушул терең тамырлуу тарыхтын негизинде эки тараптуу мамилелер 2021-жылдын 6-январында президент Режеп Таййип Эрдоган менен премьер-министр Эди Рама мырзанын Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешин түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюусу менен стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү»,-делди.

Билдирүүдө эки өлкөнүн элдеринин жер титирөөдөн кийин тилектештик көрсөткөнү да баса белгиленип: «НАТОдогу эки союздаш жана Европа Биримдигине (ЕБ) талапкер өлкө катары Түркия менен Албания Балкан өлкөлөрүндөгү тынчтыкты жана ырааттуулукту сактоого чоң салым кошууда. Аймактык жана эл аралык мекемелердеги тыгыз тилектештик уланат. Аймактарында гүлдөп өнүккөн келечек үчүн орток көз карашта болгон Түркия жана Албания эки тараптуу, аймактык жана глобалдык деңгээлде бардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүктөрүн мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө чечкиндүү»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар