Сүйлөшүү тобу Ослодо жыйындарды өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидандын да орун алган ИКУ жана Араб Лигасынын Сүйлөшүү тобунун жыйналыштарында Газадагы акыркы абал талкууланды.

2077233
Сүйлөшүү тобу Ослодо жыйындарды өткөрдү

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) менен Араб Лигасынын Сүйлөшүү тобу, Газада туруктуу тынчтыктын камсыздалышы жана гуманитардык жардамдын көбөйтүлүшү үчүн Норвегиянын борбор шаары Ослодо жыйындарды өткөрдү.

Тышкы иштер министри Хакан Фидандын да орун алган ИКУ жана Араб Лигасынын Сүйлөшүү тобунун жыйналыштарында Газадагы акыркы абал талкууланды.

Эл аралык укук жана гуманитардык жардам темаларында активдүү болгон Скандинавия жана Бенилюкс өлкөлөрүнө Израилдин Палестинадагы зулуму айтылды.

Толук ок атышпоо жана тынчтык жараянын баштоо чакырыгы кайталанып, «тынчтык, адилеттүүлүк, туруктуу чечимге» басым жасалды.

Сүйлөшүү тобу жолугушууларында Газадагы абалды маектештерине жана пикир лидерлерине ачык билдирүүдө.

Дүйнөлүк коомдук пикир Израилди колдогон өлкөлөрдөн мамилесин өзгөртүүсүн талап кылып жатат.

Жолугушууларда экстремисттик топторго каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленип, коомдор аралык тынчтык чакырыктары айтылууда.

Сүйлөшүү тобу акыркы төрт жумада Пекин, Москва, Лондон, Париж, Барселона, Нью-Йорк, Вашингтон, Оттава жана Женевада жолугушууларды өткөрдү.



Тектеш кабарлар