Анкара жана Стамбулдан Газага колдоо
Египеттин элчилигинин алдына чогулган платформа мүчөлөрү ураандарды кыйкырып, баннерлерди ачышты.
Борбор шаар Анкарада Палестина тилектештик платформасы, «Рефах» чек ара бекетинен гуманитардык жардамдардын Газага жеткирилиши талабы менен митинг өткөрдү.
Египеттин элчилигинин алдына чогулган платформа мүчөлөрү ураандарды кыйкырып, баннерлерди ачышты.
Сөз сүйлөөлөрдө дүйнөнүн Газа менен сыналып жатканы, унчукпай калгандардын геноцидге шериктеш болгону айтылды.
Газалыктардын негизги адамдык муктаждыктарын канааттандыра алса, трагедиянын кандайдыр бир деңгээлде жеңилдей турганы белгиленди.
Бардык Ислам өлкөлөрүнүн, өзгөчө Египет мамлекетинин Газага гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жеткирилиши үчүн конкреттүү кадамдарды ташташы керектиги билдирилди.
«Рефах» чек ара бекетинин эч кандай чектөөсүз мөөнөтсүз ачылышы керектиги баса белгиленди.
Ислам өлкөлөрүнүн лидерлеринен бардык мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо, ар кандай саясий жана дипломатиялык демилгелерди ишке ашыруу талап кылынды.
Стамбулдагы Фатих мечитинде да «Газа үчүн улуу дуба жолугушуусу» өткөрүлдү.
Газалыктар үчүн кылынган дубага көптөгөн жарандар катышты.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.