Анталья 48 круиздик кеме менен келген 59 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алды

Быйыл туристтердин санында рекорд койгон Антальяга «сүзүүчү мейманканалар» деп аталган ири кемелер менен миңдеген турист келди.

2076165
Анталья 48 круиздик кеме менен келген 59 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алды

Түркиянын алдыңкы коммерциялык жүк жана круиздик порту QTerminals Анталья жана Аланья порттору, жыл башынан бери 48 люкс кеме менен келген 59 миңдей жүргүнчүгө кызмат көрсөттү.

Быйыл туристтердин санында рекорд койгон Антальяга «сүзүүчү мейманканалар» деп аталган ири кемелер менен миңдеген турист келди.

Жыл башынан бери QTerminals Анталья портуна 30 круиздик кеме, Аланья портуна 18 круиздик кеме келип токтоду.

Анталья портунда болжол менен 40 миң, Аланья портунда болсо 19 миң 112 круиздик жүргүнчү кабыл алынды. 



Тектеш кабарлар