Алтун Анкарада өткөрүлгөн «Медиада жасалма интеллектти башкаруу» аттуу форумда сөз сүйлөдү

Алтун, жаңы доорду байланыш жана санариптин кылымы деп аныкташкандарын билдирди.

2076236
Алтун Анкарада өткөрүлгөн «Медиада жасалма интеллектти башкаруу» аттуу форумда сөз сүйлөдү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жасалма интеллект технологиясынын медиа дүйнөсүндө чындыкка айланганын айтты.

Фахреттин Алтун борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн «Медиада жасалма интеллектти башкаруу» аттуу форумда сөз сүйлөдү.

Жаңы доорду байланыш жана санариптин кылымы деп аныкташкандарын кабарлаган Алтун, жасалма интеллект технологияларынын чынчыл багытта колдонулушу үчүн жигердүү иштеп жатышканын маалымдады.

Жасалма интеллекттин глобалдык адилетсиздикти тереңдетүү потенциалы да бар экенин баса белгилеген Алтун, коомдук жана мекемелик көзөмөл үчүн керектүү укуктук инфраструктураларды түзүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.

Санариптик медиа сабаттуулугу боюнча ташталган кадамдарга да токтолгон Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Бул багыттагы кадамдарыбыздын бири - жалган маалыматка каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү позициябыз. Дезинформацияга каршы күрөш темасында түзүүгө аракет кылып жаткан коомдук маалымдуулук, санариптик медиа сабаттуулугуна жаңы жана институционалдык өлчөм алып келди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар