Эрдоган Анкарадагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Эрдоган бүгүнкү күнгө чейин ар дайым жумуш, кызмат жана долбоорлорду иштеп чыккандарын билдирди.

2075235
Эрдоган Анкарадагы массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, көрүлгөн чаралардын оң таасиринин рынокто сезилгенин айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик суу иштери башкы директорлугу тарабынан бүткөрүлгөн 369 объектинин массалык ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган бүгүнкү күнгө чейин ар дайым жумуш, кызмат жана долбоорлорду иштеп чыккандарын билдирди.

«Октябрь айындагы жумуш күчү статистикасы биздин туура жолдо баратканыбыздын белгиси» деген Эрдоган: «Октябрь айында жумушсуздуктун деңгээли мурунку айга салыштырмалуу жарым пунктка азайып 8,30 пайызга төмөндөдү, ал эми жумуш менен камсыз болгондордун саны ушул эле мезгилде мурунку айга салыштырмалуу 246 миң кишиге көбөйүп 31 миллион 835 миң адамга жетти. Бул көрсөткүчтөр 2012-жылдын ноябрь айынан бери жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээлине жакындаган болду»,-деди.

Түркиянын өсүү жана экспорт жагынан ансыз деле абдан жакшы жерде экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз көргөн чаралардын оң натыйжалары рынокто көбүрөөк сезилип жатат. Алдыдагы айлардан тарта бир топ жакшы көрсөткүчтөргө туш болобуз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар