«TRT World Forum 2023» соңуна чыкты

Стамбулда өткөн TRT World Forum 2023 форумунда дүйнөнүн төрт бурчунан келген маанилүү ысымдар жолугушту.

2074670
«TRT World Forum 2023» соңуна чыкты
trt genel muduru mehmet zahid sobaci.jpg
aile ve sosyal hizmetler bakani mahinur ozdemir goktas.jpg

Дүйнөдөгү медиа тармагындагы эң чоң форумдардын бири болгон «TRT World Forum 2023» соңуна чыкты.

Стамбулда өткөн TRT World Forum 2023 форумунда дүйнөнүн төрт бурчунан келген маанилүү ысымдар жолугушту.

150дөн ашуун баяндамачы 2 күн бою эл аралык коопсуздук, энергетика жана климат, экономика, технология, жасалма интеллект, медиа жана коомдук телеберүү жана саясат сыяктуу көптөгөн темаларды талкуулашты.

Быйыл 7-ирет өтүп жаткан форумдун негизги темасы  «Бирге өнүгүү: жоопкерчиликтер, иш-аракеттер жана чечимдер» болду.

Форумдун экинчи күнүндө үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ да коноктордун арасында болду.

Министр Гөкташ өз сөзүндө Израилдин Газадагы кыргынына каршылык көрсөтүп:«Биз зулумга каршы жана палестиналык бир туугандарыбыз менен бирге экенибизди дагы бир жолу бийик үн менен билдиребиз. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө палестиналыктарды колдогон демонстрацияларды жана Израилдин администрациясынын зулумуна каршы көтөрүлүштөрдү көрүп жатабыз»,-деди.

Форумдун алкагында көптөгөн сессиялар өткөрүлдү. Сессияларда Газага колдоо билдирүүлөрү да өзгөчөлөндү.

TRT World Forum 2023түн жабылыш сөзүн Түркия радио жана телеберүү мекемесинин (TRT) башкы директору Мехмет Захид Собажы жасады.

Форумда дүйнөнүн учурдагы абалы терең талкууланганын белгилеген Собажы: «Биз канчалык көп чогулуп, бизди кыйнаган кандайдыр бир маселе боюнча сүйлөшсөк, ал жөнүндө ошончолук көп сүйлөшсөк, ошончолук ал маселелерди адилеттүү жана гумандуу чечүүгө жакындайбыз»,-деп айтты.

Түркиянын коомдук телеканалы катары ТРТнын дүйнөнү, дүйнөгө адилеттүү чагылдырууну да миссиясынын бир бөлүгү катары көргөнүн баса белгилеген Собажы: «Кийинки жылы Газалык балдар өздөрүн коопсуз сезе турган жана бактылуу балалыгын сезе турган көптөгөн TRT World форумдарында жолугушабыз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

TRT World форуму жыл сайын болгону сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурууну жана чечүү жолдорун сунуштоону улантат.



Тектеш кабарлар