Террор менен күрөшүү уланып жатат

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык тармактагы баракчасынан операция тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

2074638
Террор менен күрөшүү уланып жатат

Түркия террорду булагында жок кылуу үчүн чек аранын ары жагындагы операцияларын улантууда.

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында ПККга мүчө 2 террористтин аныкталганы белгиленди.

Абадан жүргүзүлгөн операция менен террористтердин жок кылынганы жарыяланды.

Билдирүүдө акыркы террорист жок кылынганга чейин операциялардын улана турганы баса белгиленди.

Жикчил террор уюму ПККга карай өлкө ичинде жүргүзүлгөн операцияларда уюмга таандык 78 баш калкалоочу жай жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык тармактагы баракчасынан операция тууралуу билдирүүсүн бөлүштү.

Террордук уюм тарабынан логистикалык максатта колдонуу жана кыш айларында кыймылдарды жүргүзүү үчүн даярдалган баш калкалоочу жайлар бутага алынды.

Коопсуздук күчтөрү 12 облустта бир-бирден аныктаган аймактарда операцияларды жүргүздү.

Операциянын алкагында террористтерге таандык 78 баш калкалоочу жай талкаланып, көп сандагы ок-дарылар колго түшүрүлдү.

Ички иштер министри Али Йерликая: «Террорчулардын уюгун биринин артынан бирин талкалап жатабыз, мындан ары да талкалайбыз»,- деди. 



Тектеш кабарлар