АКШ Эрдоган-Мицотакис жолугушуусуна баа берди
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы билдирүү жасады.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) президент Режеп Таййип Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин жолугушуусун жылуу кабыл алганын билдирди.
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын билдирүүсүндө: «АКШ Түркиянын президенти Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Мицотакистин жолугушуусун жылуу кабыл алды»,-деген сөздөр камтылды.
Билдирүүдө: «Америка Кошмо Штаттары Греция менен Түркиянын аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү илгерилетүү темасында биргелешип иштеши үчүн бардык деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү колдойт»,- деп айтылды.
Президент Эрдоган кечээ Афинага барып Мицотакис менен Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин алкагында келишимдерге кол койгон.
Эки өлкөнүн лидерлери өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында, диалог жана кызматташтыкты илгерилетүү билдирүүсүн беришкен.