Жевдет Йылмаз Түркмөнстанда

Вице  - президент Жевдет Йылмаз  түркмөн электри жана жаратылыш газынын дүйнөлүк рынокко  сунушталышында жаңы жана абдан чоң өлчөмдүү долбоорлорду бирдикте  ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

2073728
Жевдет Йылмаз Түркмөнстанда

Вице  - президент Жевдет Йылмаз  түркмөн электр энергиясы жана жаратылыш газынын дүйнөлүк рынокко  сунушталышында жаңы жана абдан чоң өлчөмдүү долбоорлорду бирдикте  ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Йылмаз Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатта Түркия  -  Түркмөнстан иш формумунда сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн  2022 -  жылы  2 миллиард доллардан ашкандыгын, бул жылдын биринчи  11 айында  2,5 миллиард долларга жеткендигин жана жылдын акырынан тарта  3 миллиард долларга жакын соода көлөмүн күтүшкөндөрүн айтты. 

Жевдет Йылмаз эки өлкөнүн ортосунда 5 миллиард долларлык соода көлөмү максатынын бар экенин белгилеп : "Түркмөнстандын электр энергиясын жана жаратылыш газын дүйнөлүк рынокко жеткирүү үчүн биз биргелешип жаңы жана абдан чоң долбоорлорду ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө даярбыз»,-деди. 

Транспорт тармагындагы орто коридор темасында Түркмөнстан жана башка тиешелүү өлкөлөр менен иштешүүнү уланткандарын белгилеген  Жевдет Йылмаз : "Аймактык негизде түзгөн кызматташуубуз да абдан маанилүү. Бир тараптан Түркия, Азербайжан, Түркмөнстандын үч тараптуу механизми лидерлик деңгээлде жана ар түрдүү деңгээлде улантып, бир тараптан да  Түрк Мамлекеттери Уюмунун платформасында  көп тараптуу карым  - катнаштарыбызды  өнүктүрөбүз.  Түркмөнстандын бул платформага байкоочу мүчө катары кошулушун каалаганыбызды белгилегим келет",- деди.  

Йылмаз келерки процесстерде  ортого чыгы мүмкүн болгон бардык кызматташуу тармактарында биргелеше аракет кылууга жана кадамдарды таштоого да чечим чыгаргандарын билдирди. 

 



Тектеш кабарлар