"Эзине сыры" Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүчтү алды
Рифат Хисаржыклыоглу, X социалдык медиа эсебинен Түркиянын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүч каттоосунан өткөн продукциялары тууралуу маалымат берди.
Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу X социалдык медиа эсебинен Түркиянын Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүч каттоосунан өткөн продукциялары тууралуу маалымат берди.
"Эзине сырынын" Түркиянын Европа Биримдигинен географиялык көрсөткүчүн алган 18 - продукция болгонун белгилеген Хисаржыклыоглу : "Европа Биримдигинен тастыкталган биирнчи түрк сырыбыз. Салымын кошкон баарын кутутктаймын. Жакында башка продукцияларыбыздын да сүйүнчүсүн беребиз",- деди.
Европа Биримдигинде 45 географиялык белги жана 5 салттуу продукция деген ат тууралуу аткарылган иштердин улантылып жаткандыгын баса белгилеген Хисаржыклыоглу ушул күнгө чейин катталган продукцияларды төмөнкүчө тизмеледи :
1 - Газинатеп баклавасы
2- Айдын анжири
3- Малатия өрүгү
4- Айдын каштаны
5- Милас зайтун майы
6- Байрамич агы (ак шабдаалы)
7- Ташкөпрү сарымсагы
8- Гиресун жаңгагы
9- Антакья кунефе
10- Суруч анары
11- Чаглаянжерит жаңгагы
12- Гемлик зайтуну
13- Эдремит зайтун майы
14- Милас майлуу зайтуну
15- Аяш помидору
16- Мараш тарханасы
17 - Эдремит булуңунун жшыл зайтуну
18- Эзине сыры