Эрдоган Грецияга жөнөп кетти
Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, ошондой эле учурдагы аймактык жана глобалдык өнүгүүлөр боюнча пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин чакыруусу жана Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынынан улам бүгүн Грецияга расмий сапар менен баратат.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, президент Эрдоган жана Грециянын премьер-министри Мицотакистин жетекчилигинде жана тийиштүү министрлердин катышуусунда борбор калаа Афинада боло турган кеңешмеде Түркия-Греция карым-катнаштары ар тараптан талкууланып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштар, ошондой эле учурдагы аймактык жана глобалдык өнүгүүлөр боюнча пикир алмашылышы күтүлүүдө.
Сапардын алкагында эки тараптуу мамилелердин укуктук инфраструктурасын чыңдоого багытталган түрдүү келишимдерге жана меморандумдарга кол коюу да пландалууда.