Эрдоган: «Эгей деңизин тынчтык жана кызматташтык деңизине айлантууну каалайбыз»

Грециянын борбор шаары Афинага бир күндүк сапар менен барган президент Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болгон жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

2073907
Эрдоган: «Эгей деңизин тынчтык жана кызматташтык деңизине айлантууну каалайбыз»
erdogan-micotakis Atina Bildirgesi.jpg
erdogan-micotakis-1.jpg
erdogan-micotakis-3.jpg
erdogan-micotakis-2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Эгей деңизин тынчтык жана кызматташтык деңизине айландырууну каалашкандарын айтты.

Грециянын борбор шаары Афинага бир күндүк сапар менен барган президент Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен болгон жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы көйгөйлөрдү конструктивдүү диалог, жакшы коңшулаштык жана эл аралык укуктун алкагында биргелешкен аракеттер менен чечүүнү үмүт кылгандарын белгилеген Эрдоган, Мицотакис менен Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги мамилелер тууралуу пикир алмашкандарын белгиледи.

Кипр маселесинин Аралдагы фактылардын негизинде адилеттүү, туруктуу жана түбөлүктүү чечилиши бүт аймактын пайдасына болоорун баса белгилеген Эрдоган: «Эгей деңизин тынчтык жана кызматташтык деңизине айлантууну каалайбыз. Түркия-Греция катары таштай турган биргелешкен кадамдарыбыз менен бүткүл дүйнөгө үлгү болгубуз келет. Ачыгын айтканда, ортобузда чечилбей турган эч кандай көйгөй жок. Жакшы ниет менен иш кылып, чоң сүрөткө көңүл буралы, деңизди кечип, сууга чөгүп кеткендердин арасында болбойлу»,-деп айтты.

Терроризм менен күрөшүүдө кызматташтыкка токтолгон президент, Лаврион лагеринин жабылышына байланыштуу Грецияда террористтерге баш калкалоочу ушундай лагерлердин түзүлүшүнө жол бербөө үчүн этият болуу керектигин баса белгиледи.

Азчылыктардын тынчтык жана жыргалчылыгын арттыруунун эки өлкөнүн карым-катнаштарына оң таасирин тийгизерин билдирген Эрдоган, Батыш Фракия түрк азчылыгынын абалында эл аралык укук талап кылган жакшырууларды күткөндөрүн белгиледи.

Мицотакис ошондой эле чектеш эки өлкө жанаша жана чогуу аракеттениши керектигин белгилеп: «Биз гүлдөгөн келечекти түзүшүбүз керек»,-деди.

Мицотакис жолугушууда түрк жарандарынын жыл бою 7 күн визасыз түрдө Чыгыш Эгей аралдарына баруу эркиндигин сүйлөшкөндөрүн айтты.

Ошол эле учурда Түркия менен Греция тарап болгон достук мамилелер жана жакшы коңшулук тууралуу Афина декларациясы жарыяланды.

Декларацияга ылайык, эки өлкө саясий диалог, позитивдүү күн тартиби, ишенимди бекемдөө чаралары боюнча үзгүлтүксүз, конструктивдүү консультацияларды өткөрөт.

Декларацияда тараптар өздөрүнүн ортосундагы бардык талаш-тартыштарды тынчтык жолдор менен жана эл аралык укуктун чегинде чечүүгө чечкиндүү экендиктери белгиленди.



Тектеш кабарлар