Түркиянын чалгындоо кызматынан Израилге эскертүү

Америкалык Wall Street Journal гезити Израиль Палестинанын тышында жашаган Хамас мүчөлөрүнө карата кол салуу пландарын жасап жатканын жазды.

2072486
Түркиянын чалгындоо кызматынан Израилге эскертүү

Түрк чалгын бөлүмдөрү Израилдин чалгындоо бөлүмдөрүнө алардын Түркиядагы мыйзамсыз иш-аракеттеринин оор кесепеттерге алып келе турганы тууралуу маалымат беришти.

Америкалык Wall Street Journal гезити Израиль Палестинанын тышында жашаган Хамас мүчөлөрүнө карата кол салуу пландарын жасап жатканын жазды.

Кабарда Израилдин чалгындоо топторунун Ливан, Түркия жана Катардагы Хамас мүчөлөрүн бутага ала турганы белгиленген.

Израилдин ички чалгындоо агенттигинин Шин-Бет (Шабак) директору Ронен Бар, Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN каналында берген маалыматында, «Алар Катар, Түркия жана Ливан менен катар дүйнөнүн бардык жериндеги Хамастын лидерлерин жылдар өтсө да өлтүрүүгө чечкиндүү экендиктерин» билдирген.

Түрк чалгындоо булактары, эл аралык басма сөздө Израилдин Түркия да болгон Палестинанын тышында жашаган Хамас мүчөлөрүн бутага ала турганы жөнүндөгү кабарга жана Израилдин жооптуу кызматкерлеринин бул багыттагы билдирүүлөрүнө таянып, тийиштүү кызматтагыларга керектүү эскертүүлөр жасалганын жана мунун тескери мамилеси болсо олуттуу кесепеттери болоорун белгиледи.

Бийлик буга чейин Түркия Республикасынын аймагында ар кандай атайын кызматтар мыйзамсыз аракеттерди жасоого аракет кылганын эске салып, мындай операцияларга эч бир кызмат уруксат бербей турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар