Президент Эрдоган Катарда

Эрдогандын Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү бериши күтүлүүдө.

2072455
Президент Эрдоган Катарда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин 9-жыйынына катышуу үчүн Катардын борбор шаары Дохага барды.

Эрдоганды Хамад эл аралык аэропортунда Катардын вице-премьер-министри жана коргоо министри Халид бин Мухаммед Аль Атиййе, Түркиянын Дохадагы элчиси Мехмет Мустафа Гөксу жана башка тиешелүү адамдар тосуп алышты.

Президент Эрдоган менен Катардын эмири Аль Тани жекеме-жеке жолугушуусунан кийин 9-Түркия-Катар Жогорку стратегиялык комитетинин жыйынына катышат.

Биргелешкен келишимдерге кол коюлгандан кийин Эрдоган Аль Тани тарабынан анын урматына берилүүчү расмий сый тамакка катышат.

Бүгүн Катарда боло турган Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин жыйынына да катыша турган Эрдогандын Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү бериши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар