Президент Эрдоган Дохада Аль Тани менен жолугушту

Жолугушууда президент Эрдоган Израилдин жасаган согуштук кылмыштары үчүн жооп бериши керектигин, бул үчүн мыйзамдуу аракеттер менен катар эл аралык колдоонун да күчөшүнүн маанилүү экенин белгиледи.

2072580
Президент Эрдоган Дохада Аль Тани менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган Катардын эмири шейх Темим бин Хамед Аль Танинин чакыруусу менен Түркия  -  Катар Жогорку стратегиялык комитетинин  9 -  жыйынына катышуу үчүн кечээ Дохага барды.

Расмий тосуп алуу аземинен кийин президент Эрдоган менен Катардын эмири Аль Тани жекеме - жеке жолугушуу өткөрүшүп, Израилдин Газадагы кыргынындагы акыркы абал, ок атышпоо жана туруктуу тынчтык аракеттери жана Газага гуманитардык жардамдар каралды.

Жолугушууда президент Эрдоган Израилдин жасаган согуштук кылмыштары үчүн жооп бериши керектигин, бул үчүн мыйзамдуу аракеттер менен катар эл аралык колдоонун да күчөшүнүн маанилүү экенин белгиледи.

Эки лидер андан кийин 9 -  Түркия - Катар Жогорку стратегиялык комитетинин жыйынына катышты. Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен декларацияга жана 12 келишимге кол коюлду.

Эрдоган андан кийин Аль Тани тарабынан урматына берилген сый тамакка катышты.

Президент Эрдоган бүгүн да Катардын эмири Аль Тани кезектешкен башкаруучулугун аткарган Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин  44 -  саммитине катышат.



Тектеш кабарлар