Элчи Каймакжы : Европа Биримдигинин Түркияга башка талапкер өлкөлөр сыяктуу мамиле кылуусу керек

Биргелешкен парламенттик комитетинин тең төрагасы Сергей Лагодинскийдин модераторлугунда өткөн жыйында Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Каймакжы сөз сүйлөдү.

2072772
Элчи Каймакжы :  Европа Биримдигинин Түркияга башка талапкер өлкөлөр сыяктуу мамиле кылуусу керек

Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү, элчи Фарук Каймакжы Европа Биримдигинин Түркияга башка талапкер өлкөлөр сыяктуу мамиле кылуусу жана мүчөлүк перспективасын күчтөндүрүүсү керектигин айтты.

Европа  Биримдиги  -  Түркия биргелешкен парламенттик комитетинин Европа Биримдиги тарабын түзгөн делегация 19 – 20 - декабрда борбор шаар Анкарада өткөрүлө турган 80 - Европа Биримдиги - Түркия биргелешкен парламенттик комитетинин жыйынына даярдык көрүү үчүн жолугушту.

Биргелешкен парламенттик комитетинин тең төрагасы Сергей Лагодинскийдин модераторлугунда өткөн жыйында Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Каймакжы сөз сүйлөдү.

Элчи Каймакжы Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жозеп Борреллдин Европа Биримдиги комиссиясы менен бирге даярдаган «Европа Биримдиги - Түркия саясий, экономикалык жана соода карым - катнаштарынын абалы» аттуу баяндамасында орун алган сунуштарга токтолуп, булардын оң кадам экендигин бирок  Түркия - Европа Биримдиги карым  -катнаштарынын маанилүү тармактарында жетишээрлик кеңейүүнү камсыз кылбагандыгын айтты.

Түркияга тең талапкер өлкө катары мамиле кылуунун маанисине көңүл бурган Каймакжы отчетто Жогорку деңгээлдеги диалог жолугушууларынын жана Ассоциация кеңешинин кайра башталышы боюнча сунуштардын маанилүү экенин белгиледи.

Фарук Каймакжы Бажы биримдигин жаңылоо үчүн сүйлөшүүлөрдүн башталышынын шарттарга байланыштуу болбошу керектигин баса белгилеп, эки тараптын тең экономикаларынын буга муктаж экенин айтты.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин виза режимин жоюу ишке ашканга чейин түрк жарандарына виза ыңгайлуулугун камсыз кылуусу керектигин баса белгилеген Каймакжы, террор менен күрөшүүдө тыгыз кызматташтыктын Түркия - Европа Биримдиги ишеним карым-катнашын арттыра турганын белгиледи.

Каймакжы мыйзамсыз  миграция менен күрөшүүдө кызматташтыктын негизги тараптарынын бири сириялыктардын ыктыярдуу, татыктуу жана коопсуз кайтуулары үчүн биргелеше иш алып баруу жана долбоорлорду ишке ашыруу экенине көңүл бурду.

Элчи Каймакжы Европа Биримдигинин Түркиянын мүчөлүк перспективасын бекемдөөсүнүн реформалардын ылдамдатылышы жана Европа Биримдигинин саясаттарына шайкештик деңгээлинин  артышына салым кошорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар