Түрк дарыгерлери Босния-Герцеговинада...

Босния-Герцеговина Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги, Түрк орган трансплантациялоо фонду жана Түркиянын реанимация адистери коому менен биргеликте окуу программасын уюштурду.

2072013
Түрк дарыгерлери Босния-Герцеговинада...

Түрк дарыгерлери Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо «жалпы реанимациялык окутуу жана орган донору» аттуу программада Босния-Герцеговиналык кесиптештери менен тажрыйбаларын бөлүштү.

Босния-Герцеговина Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлиги, Түрк орган трансплантациялоо фонду жана Түркиянын реанимация адистери коому менен биргеликте уюштурулган окуу программасына Босния-Герцеговинадан 60тан ашуун саламаттыкты сактоо адиси катышты.

Түркиянын Орган трансплантациясы фондунун төрагасы доктор Эйуп Кахвежи Босния-Герцеговинада техникалык жабдууларды жана системанын иштешин жакшыртуу зарылдыгын аныкташкандарын белгилеп: «Түркия орган донору жана трансплантациясында компетенттүү жана жабдылган. Көп жылдык тажрыйбабыз бар»,-деп айтты.

Кахвежи Балкан өлкөлөрүндө орган донору жана трансплантациясына байланыштуу укуктук инфраструктуранын өнүктүрүлүшү керектигине көңүл буруп, коомдо орган донору тууралуу маалымдуулукту арттыруу үчүн иштөөнүн маанисине басым жасады.



Тектеш кабарлар