Президент Эрдогандан эки маанилүү сапар

Президент Эрдоган эртең Катарга, бейшемби күнү болсо Грецияга сапар жасайт.

2071926
Президент Эрдогандан эки маанилүү сапар

Президент Режеп Таййип Эрдоган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн эртең Катарга барат.

Шейшемби күнү Катарда боло турган Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин жыйынына да катыша турган Эрдогандын Израилдин Газага кол салуулары тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү бериши күтүлүүдө.

Президент Эрдоган бейшемби күнү Грецияга барат.

Эрдоган бир күндүк сапарынын алкагында Афинада Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушат.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы маселелерге баа берилет.



Тектеш кабарлар