Куртулмуштун Газадагы абалга каршылык көрсөтүүсү

Куртулмуш кечээ Стамбулдагы билдирүүсүндө Израилдин Палестинага кол салууларына токтолду.

2071930
Куртулмуштун Газадагы абалга каршылык көрсөтүүсү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Нуман Куртулмуш Адам укуктарынын жалпы декларациясына кол койгон жана Израилдин зулумуна үн катпаган өлкөлөрдүн саясатчыларына каршылык көрсөттү.

Куртулмуш кечээ Стамбулдагы билдирүүсүндө Израилдин Палестинага кол салууларына токтолду.

Келээрки жумада Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 75 жылдыгы болоорун эске салган Куртулмуш: «Адам укуктарынын жалпы декларациясы кайда? Ар бир адам бирдей укукка жана эркиндикке ээ деген факты кайда? 75 жыл мурун мындай болбойт деп ошол декларацияга кол койгон мамлекеттердин саясатчылары кана? Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз балдарды инкубатордо көрүп туруп, билип туруп, дүйнөнүн көзүнчө киши өлтүргөндөр, Адам укуктарынын жалпы декларациясы мындай турсун, адам болуу квалификациясын да жоготкон кээ бир адамдар. Тилекке каршы, бардык баалуулуктар, демократия, укуктар, эркиндиктер... Булардын баары таштанды челекке ыргытылды»,-деди.

Куртулмуш Израилдин Газага кол салуусу менен ислам өлкөлөрүнө чоң сабак болгонун белгилеп: «Өкүнүп айтам, Израилдин эң чоң күчү бул анын жогорку аскердик технологиясы да, Американын колдоосу да, чоң пропаганда механизми да, дүйнөнүн бардык каржылык күчтөрүнө ээ болушу да эмес. Израилдин эң чоң күчү - бул исламий күчтөрдүн унчукпай калышы жана баш аламандыгы, анын чечкинсиздиги жана демилгени колго ала албагандыгы болуп саналат.

Түркия катары биздин мойнубузга жүктөлгөн дагы бир милдет – Ислам өлкөлөрүнүн калкы арасында болгон бул ойгонууну Ислам өлкөлөрүнүн калктары менен бөлүшүү жана алар да ушул мааниде гуманитардык фронттун кызыкдар тараптары болуусун камсыздай турган абдан чечкиндүү күрөштү алдыга коюу»,-деди.



Тектеш кабарлар