Кечелиден Коэнге каршы чыгуу...

Кечели Коэндин социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүнө жазуу түрүндө жооп берди.

2071815
Кечелиден Коэнге каршы чыгуу...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели, Израилдин тышкы иштер министри Эли Коэндин социалдык медиадагы билдирүүсүнө байланыштуу:«Оккупациялык күчтөрдүн карапайым калкка ырайымсыз кол салуусун эч кандай түрдө өзүн-өзү коргоо катары кароого болбойт»,-деп айтты. 

Кечели Коэндин социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүнө жазуу түрүндө жооп берди.

Басма сөз катчысы Кечели Израиль-Палестина кагылышуусу тарыхында көрүнүп тургандай, Израиль палестиналыктарга кысым көрсөтүүнү жана алардын негизги эркиндиктерин жок кылууну улантып жаткандыктан, жамааттык жана жеке укуктарын коргогон палестиналыктардын саны көбөйө турганын жана Израилдин дагы көп каршылыкка туш боло турганын баса белгиледи.

Кечели, учурдагы көйгөйдүн негизинин Израилдин басып алуучулук мамилеси, экспансионисттик менталитети жана мыйзамды, адам укуктарын жана универсалдуу принциптерди толугу менен көз жаздымда калтырган зулумдук аракеттеринде экенин белгилеп:«Оккупациялык күчтөрдүн карапайым калкка ырайымсыз кол салуусун эч кандай түрдө өзүн-өзү коргоо катары кароого болбойт»,-деди.



Тектеш кабарлар