Президент Эрдоган Түркия - Греция карым - катнаштарында жаңы мезгили тууралуу билдирди

Эрдоган : "Жаңы мезгилдин башталышын каалайбыз",- деди.

2071766
Президент Эрдоган  Түркия  -  Греция карым  - катнаштарында  жаңы мезгили тууралуу билдирди

Эрдоган БУУнун Климаттык алмашуунун алкактык келишиминин  28 -  Тараптар конференциясынын негизинде  Expo City Дубайда өткөрүлгөн Дүйнөлүк климаттык акция саммитине катышкандан кийин Түркияга кайтышында журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Жогорку деңгээлдеги 5-стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйыны үчүн 7-декабрда Грецияга бара турганы белгиленип : "Акыркы күндөрү Грециянын премьер  - министри Криакос  Мицотакис бир билдирүү жасады. Түркия менен кызматташуу шарт деди. Мицотакистин бул билдирүүсү эмне деген мааниге келет? Өзгөчө Жогорку деңгээлдеги  кызматташуу кеңешинин жыйынынан кийин эки өлкөнүн ортосунда жаңы бир  мезгил башталабы",- деген суроого жооп берген Эрдоган : "Жаңы мезгилдин башталышын каалайбыз",- деди. 

Өзүнүн ар дайым : "Биз досторубузду көбөйтүүгө, душмандарды азайтууга аракет кылып жатабыз",- дегенин эске салган президент Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : "Жанаша болгон эки өлкөнүн душмандыкты көкүткөн үндөр менен жүрүшү туура эмес. Бир тараптан да бизди ким кыжырдантып жатат? Бул жерден караганда башка АКШ болуу менен бирөөлөр бизди бири бирибизге каршы коюга аракет кылып жатат. Биз да артка чегинбейбиз. Жаныбыздагы  коңшубузга  барабыз, отуруп сүйлөшөбүз. Эгерде бири бирибиздин кызыкчылыгына зыян келтире турган мамиленин ичине кирбесе маселе жок. Жолубузду ушул бойдон улантабыз. 

Албетте, арабызда пикир келишпестиктер жана бир эле учурда чечилбей турган терең маселелер бар. Бирок биз дароо чече турган жана кызматташтыктын негизин кеңейте турган темалар да бар. Эгерде биз жаңы мезгилди баштап,  убадаларыбызды аткарып, бул мамилелерди тышкы таасирлерден таза платформада өнүктүрө алсак, анда биз пайда көрөбүз деп ишенем.

Биздин тышкы саясат түшүнүгүбүз "мен жеңишке жетишейин, маңдайымдагы жеңилсин" эмес. Биз Афинага барабыз. Ал жерде жаңы мезгилге жараша турган чечимдерди чыгаруу үчүн эки тараптуу карым  - катнаштарыбызды жана Түркия  -  Европа Биримдиги карым - катнаштарын карап чыгабыз".

 



Тектеш кабарлар