Эрдоган учакта баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Нетаньяху башкаруусунун Газада жасаган кыргынынын тархка "кара так" катары өткөнүн жана бул тактын  ага шартсыз колдоо берген өлкөлөрдүн да чекесине жабьшкандыгын айтты.

2071749
Эрдоган учакта баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Нетаньяху башкаруусунун Газада жасаган кыргынынын тарыхка "кара так" катары өткөнүн жана бул тактын  ага шартсыз колдоо берген өлкөлөрдүн да чекесине жабьшкандыгын айтты.

Эрдоган БУУнун Климаттык алмашуунун алкактык келишиминин  28 -  Тараптар конференциясынын  негизинде  Expo City Дубайда  өткөрүлгөн  Дүйнөлүк Климаттык Акция саммитине катышкандан кийин Түркияга кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Башынан бери Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларды "гуманитардык тыныгуудан" башка  ок атышуунун туруктуу ок атышпоо деп жарыяланышын жактагандарын баса белгилеген Эрдоган мамлекет жана өкмөт  башчылары менен байланыштарынын уланып жаткандыгын айтты.

Бир журналисттин Гаага Эл аралык  Жаза Сотуна палестиналыктардын кайрылуусун эске салып : «Бул кайрылуу  процесси кайсы этапта? Нетаньяхуга байланыштуу кандай чечим чыгаруусун күтүп жатасыз?",- деген  суроосуна Эрдоган 3 миңге жакын адвокаттын Гаагадагы Эл аралык жаза сотуна керектүү арыздарын бергендигин айтып жооп берди.

Гаагадагы  процессти иликтеше тургандарын белгилеген Эрдоган буларды айтты : "Ал жерден күтүүбүз Нетаньяху башта болгон бардык кыргынчылардын бул Газа касаптарынын керек болгон жазаны алуулары. Каалообуз чыгарыла турган чечим менен адилеттикти күткөндөр "мына эми  болду" дешсин. Биз бул доону жогорку деңгээлде  иликтейбиз. Биз бул  кыргынга катышкан бардык Израиль башкаруучуларынын соттолуп, жаза алышын каалайбыз".

Президент Эрдоган бүгүнкү күндө Испания сыяктуу кээ бир «эр жүрөк» өлкөлөрдөн тышкары Батыш өлкөлөрүнүн Палестинага карыздар экенин жана зулумга каршы туруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгын баса белгилеп : "Нетаньяху башкаруусунун Газада жасаган кыргыны тарыхка кара так катары өттү. Бул так бир гана Нетаньяху башкаруусунун эмес, ага шартсыз жардам берген өлкөлөрдүн чекесине да жабышты. Бул мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кайдыгерлигин дүйнө эч качан унутпайт. Алар жылдар бою жана муундар бою унчукпаганы үчүн кун төлөшөт. Эл аралык кылмыш сотунун бул кыргынды жазалоо үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз".

Анкарада жолугушууларды өткөргөн АКШнын казына министрлигинин кеңешчиси Бриан Нелсондун Түркиянын Хамасты колдошунан улам тынчсызданып жаткандарын айтканын эске салып : "Бирок АКШ ПКК сыяктуу террордук уюмдарына көптөгөн жылдардан бери курал, каржы жана саясий  колдоо берген бир өлкө. ПККга мындай мамиле жасап, Хамас тууралуу Түркиядан бул темада күтүү ичинде экендиги тууралуу эмне ойлоп жатасыз?" деген суроого президент Эрдоган төмөнкүчө жооп берди : "Мен Америкага жасаган сапарымда Jewish Community (жөөт жамааты) менен жолугуштум. 20 жыл мурда менден Хамасты сурашкан. Мен да Хамас террордук уюм эмес. Алар  1947 - жылдан бери колунда кармап калуу үчүн бир ууч жерде  күрөшүн  улантып жаткан адамдар экендигин айттым. Азыркы учурда  мен ал жердемин. Хамасты ким эмне десе десин, террордук уюм катары кабыл албаймын. Силер  ПККны, ЙПГны, ФЕТӨнү сыйлап, ал түгүл аларды коноктойсуңар, Хамас тууралуу бул сөздөрдү айтуумду күтпөгүлө. Мен муну ишенимим менен да, абийирим менен да айкалыштыра албайм."

Эрдоган Хамастын ичиндегилерди, Фатхты  Америка сыяктуу эмес, абдан жакшы тааныганын, Хамастын баарынан мурда Палестинанын бир чындыгы экенин, саясий партия катары шайлоого катышып, жеңишке жеткенин эске салды.

 



Тектеш кабарлар