Президент Эрдогандын билдирүүсү

Президент Эрдоган 29-ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнөн улам социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

2070637
Президент Эрдогандын билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия тарых бою болгондой эле мамлекети жана улуту менен бүгүнкү күндө да палестиналык туугандарынын жанында»-деп айтты.

Президент Эрдоган 29-ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнөн улам социалдык медиа баракчасынан билдирүү бөлүштү.

«Түркия тарых бою болгондой эле мамлекети жана улуту менен бүгүнкү күндө да палестиналык туугандарынын жанында»,- деген Эрдоган: «Газалык боордошторубузга гуманитардык жардамдарыбыз уланууда. Ушул учурга чейин 12 учак жана 1 кеме толтурулган жардам материалын Эл-Аришке жөнөттүк. 1500 тонна гуманитардык жардам материалын ташыган экинчи кемебиз бүгүн жолго чыкты. Жаралууларды өзгөчө онкологиялык оорулууларды жана балдарды Түркияга алып келип дарылап жатабыз. Газада курула турган талаа ооруканалары үчүн жерди аныктоо иштерибиз жүргүзүлүүдө. Барымтадагылардын бошотулушу жана ок атышпоонун туруктуу болушу үчүн сүйлөшүүлөрүбүздү тездетебиз. Буюрса демилгелерибиз мындан ары да көп өлчөмдүү түрдө уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар