Улуттук коргоо министри Түркия  - Азербайжан - Грузия коргоо министрлеринин жыйынына катышты

Түркия  - Азербайжан - Грузия коргоо министрлеринин 10 - жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлдү.

2069671
Улуттук коргоо министри Түркия  - Азербайжан - Грузия коргоо министрлеринин жыйынына катышты
guler azerbaycan.jpg
gurcistan-azerbaycan-Turkiye savunma.jpg

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Түштүк Кавказияда тынчтык, бейпилдик жана кызматташтыкты орнотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө ээ болгонуна карабастан, Армениянын бул мүмкүнчүлүктөн жетиштүү түрдө пайдалана албагандыгын айтты.

Түркия  - Азербайжан - Грузия коргоо министрлеринин 10 - жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлдү.

Гүлер жыйында сүйлөгөн  сөзүндө Түркиянын аймактын тынчтыгы жана ырааттуулугу үчүн Азербайжан жана Грузия менен тилектештигин уланта турганын айтты.

Азербайжандын  30 жыл оккупацияда болгон өз жери Карабахты 44 күнгө созулган "бир мекен операциясы" жана антитеррордук операция менен Армениянын оккупациясынан бошоткондугун эске салган Гүлер : "Азербайжан менен Армениянын ортосундагы сүйлөшүү процессин колдооону улантуудабыз.  Аймактык тынчтык жана стабилдүүлүк жолунун Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюлган кеңири масштабдуу тынчтык келишими аркылуу өтүшүнө, ошондой эле аймактык транспорттук байланыштардын ачылышы нормалдашуу жана тынчтык процессин тездетет деп ишенебиз",- деди. 

Гүлер аймактык кызматташтык платформаларынын Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулук үчүн пайдалуу экенине көңүлдөрдү буруп : "Түштүк Кавказда тынчтыкты, бейпилдикти жана кызматташтыкты орнотуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө ээ болгонуна карабастан, Армения бул тарыхый мүмкүнчүлүктү  пайдалана албагандыгын көрүп турабыз»,- деди. 

Министр Гүлер Түркиянын Абхазия жана Түштүк Осетия маселесинин Грузиянын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнүн алкагында тынчтык жолу менен чечилишин колдой турганын билдирди.

Азербайжан менен Грузиянын НАТОнун эки маанилүү өнөктөшү экенине көңүл бурган Гүлер, эки өлкөнүн НАТО менен карым – катнаштарынын күчөшүнө колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар