Газалык бейтаптарды Түркияга алып келүү аракеттери уланууда

Министр Кожа социалдык медиа баракчасынан, газалык бейтаптар үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы тууралуу төмөнкү маалыматтарды бөлүштү:

2069967
Газалык бейтаптарды Түркияга алып келүү аракеттери уланууда

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа эртең Газадан чыгарыла турган, көпчүлүгү балдардан турган бейтаптарды Түркияга алып келүү үчүн аракеттерин уланткандарын айтты.

Министр Кожа социалдык медиа баракчасынан, газалык бейтаптар үчүн жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы тууралуу төмөнкү маалыматтарды бөлүштү:

«Газадагы топторубуз бүгүн эртең менен үч аймактын экөөсүндөгү ишин аяктады. Бул иш-аракеттердин жыйынтыгына ылайык, кайсы пункттарда талаа ооруканаларынын курула турганына жана саламаттыкты сактоо кызматтарынын инфраструктурасына чечим чыгарабыз. Бир тараптан эртең Газа чек ара бекетинен көпчүлүгү балдардан турган бейтаптарды Түркияга алып келүү үчүн керектүү аракеттерди улантып жатабыз».



Тектеш кабарлар