Эрдоган-Санчес сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Израилдин палестиналыктарга кол салуулары, гуманитардык жардамдардын Газага үзгүлтүксүз жетиши үчүн ташталышы керек болгон кадамдар жана туруктуу ок атышпоо менен туруктуу тынчтык аракеттери каралды.

2069553
Эрдоган-Санчес сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Израилдин палестиналыктарга кол салуулары, гуманитардык жардамдардын Газага үзгүлтүксүз жетиши үчүн ташталышы керек болгон кадамдар жана туруктуу ок атышпоо менен туруктуу тынчтык аракеттери каралды.

Телефондук сүйлөшүүдө Израилдин палестиналыктарга карай мыйзамсыз кол салууларына каршы Испания өкмөтүнүн позициясы жана Палестинанын таанылышына байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанилүү экенин айткан Эрдоган, Түркиянын аймакта туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу, кепил болуу менен бирге ар кандай жоопкерчиликти алууга жана Испания менен аймактык тынчтык үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди.



Тектеш кабарлар