Алтун Өзбекстандын маалымат делегациясы менен жолугушту

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалагынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа эсебинен жазды.

2070052
Алтун Өзбекстандын маалымат делегациясы менен жолугушту

Президенттиктин Коммуникация башкармалагынын башчысы Фахреттин Алтун Өзбекстан Республикасынын Президентинин маалымат саясаты боюнча директору Комил Алламжонов жана Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов менен жолугушту.

Алтун социалдык медиа эсебинен жазган билдирүүсүндө Алламжонов жана Асадов менен эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда болгон жолугушуусунда Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы байланыш, медиа жана маалымат тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн баалагандарын белгиледи.

Алтун Алламжонов менен Асадовго келгени үчүн ыраазычылык билдирмп: «Түркия менен Өзбекстандын карым-катнаштары ар тармакта болгон сыяктуу байланыш жана медиа тармагында да утушка негизделген күчтүү жана квалификациялуу кызматташтыктар менен тереңдей бермекчи»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар