Улуттук чалгындоо уюмунун операциялары уланууда
«Каркер Андок» каймана аттуу Мутлу Кажар таасирсиз кылынды.
2069257
Улуттук чалгындоо уюму (MİT) Сирияда жүргүзгөн операциясы менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Айнулараб (Кобани) жооптуусу «Каркер Андок» каймана аттуу Мутлу Кажарды таасирсиз кылды.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, 1997-жылы террордук уюмга кошулуп, 2009-жылы Ирактын Хафтанин аймагында террордук иш-аракеттерди кылган Кажар, коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларда колунан жана көзүнөн жаракат алды.
Көптөн бери коопсуздук күчтөрү артынан түшкөн жана Сирияда жайгашкан жери аныкталган Кажар MİT уюштурган операцияда таасирсиз кылынды.