Алтун Израилдин журналисттерге кол салуусуна каршылык көрсөттү

Фахреттин Алтун X социалдык медиа баракчасынан бидирүү бөлүштү.

2069182
Алтун Израилдин журналисттерге кол салуусуна каршылык көрсөттү

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, туткун алмашууну чагылдырган журналисттерди бутага алган, аларды резина ок менен аткылап, газ жана түтүн бомбасын ыргыткан Израиль бийлигин айыптаганын айтты.

Фахреттин Алтун X социалдык медиа баракчасынан бидирүү бөлүштү.

Алтун билдирүүсүндө, Израилдин Газадагы кол салууларын дүйнөгө жарыялаган журналисттерди бутага алганына каршылык көрсөттү.

Бир нече күндөн бери эл аралык мыйзамдарды эске албаган, Газадагы абалды дүйнөгө жар салган журналисттерди өлтүргөн Израилдин мыйзамсыз ыкмаларды колдонууну улантып жатканын белгилеген Алтун: «Акыры туткун алмашууну чагылдырган журналисттерди бутага алган, желим ок менен аткылап, газ жана түтүн бомбаларын ыргыткан Израиль бийлигин айыптайбыз. Израиль бейкүнөө палестиналыктарга, журналисттерге, медицина кызматкерлерине жана гуманитардык кызматкерлерге каршы чабуулдарын дароо токтотуп, эл аралык мыйзамдарга баш ийиши керек. Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникация башкармалыгы катары кол салууга дуушар болгон журналисттердин абалына жакындан байкоо салуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар