Түрк куралдуу күчтөрү 649 террористти жок кылды
"Эвфрат калканы", "Зайтун бутагы", "Тынчтык булагы" жана "Жаз калканы" операцияларын теңдеши жок сезимталдык менен ишке ашырган түрк куралдуу күчтөрү Сириянын операция аймагында миссиясын ийгиликтүү улантууда.
Түрк куралдуу күчтөрү 15 - август жана 23 - ноябрь күндөрүнүн арасында Сирия операция аймагындагы база аймактарына кол салуу үчүн даярданган 649 террористти жок кылды.
"Эвфрат калканы", "Зайтун бутагы", "Тынчтык булагы" жана "Жаз калканы" операцияларын теңдеши жок сезимталдык менен ишке ашырган түрк куралдуу күчтөрү Сириянын операция аймагында миссиясын ийгиликтүү улантууда.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда түрк куралдуу күчтөрү тарабынан 15 - августтан 23 - ноябрга чейин база аймактарына кол салууга даярданган 606 ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ жана 43 ДЕАШ мүчөсү болгон 649 террористти жок кылды.
Ушул эле күндөрдүн арасында мыйзамсыз жолдор менен Сириядан Түркияга кирүүгө аракет кылган 1048 мыйзамсыз мигрант кармалды. Кармалгандардан 41нин ПКК, бешөөсүнүн ДЕАШ, экөөсүнүн Марксист - Ленинист Коммунисттик партия жана 162нин Фетуллахчы террордук уюмунун мүчөсү экендиги белгиленди.
Өзгөчө чек аралардан өтүүгө аракет кылган 53 миң 890 мыйзамсыз мигрантка бөгөт коюлду.