Террор менен күрөш улантылууда

Ирактын түндүгүндө террористтердин 17 бутасы жок кылынды.

2068640
Террор менен күрөш улантылууда

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта операциялардын ПКК/КЖК террордук уюму жана башка террордук элементтерди таасирсиз абалга алып келип Ирактын түндүгүнөн Түркияга жана коопсуздук күчтөрүнө карата террордук кол салууларды жок кылуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун келишиминин 51 - беренесине ылайык  мыйзамдуу  өзүн-өзү коргоо укуктарына ылайык жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө : "Ирактын түндүгүндөгү Гара, Метина, Хакрук жана Кандил аймактарындагы террордук буталарга 2023 -  жылы  24 -  октябрда саат  20:00дө абадан операция жүргүзүлдү, аткарылган аба операциясы менен террордук уюм тарабынан колдонулган жана араларында жооптуулар да болгон үңкүр, баш калкалоочу жер, кампалардан турган  жалпы  17 бута жардырылды. 

Аткарылган операцияларда жергиликтүү жана улуттук ок  - дары колдонулуп көп сандаган террорист жок кылынды. Түрк куралдуу күчтөрү өткөн күндө болгондой бүгүн да өлкөбүздүн жана улутубуздун  жашоосу жана коопсуздугу үчүн бир акыркы бир террорист да жок кылынганга чейин   күрөшүн улантат. Бул операциялар учурунда  бейкүнөө жарандар,  достук элементтерге, тарыхый жана маданий байлыктарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлдү»,-деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар