Эрдоган Аялдарга карата зомбулукка каршы  эл аралык күрөшүү  күнү программасында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган мамлекет катары аялга карата зомбулук менен күрөшүүнү негизги саясатка айландыргандарын айтты.

2068792
Эрдоган  Аялдарга карата зомбулукка каршы  эл аралык күрөшүү  күнү программасында сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган мамлекет катары аялга карата зомбулук менен күрөшүүнү негизги саясатка айландыргандарын айтты. 

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн Аялдарга карата зомбулукка каршы  эл аралык күрөшүү  күнү программасында сөз сүйлөдү.

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 24 жыл мурун 25 - ноябрдын Аялдарга карата зомбулукка каршы  эл аралык күнү катары кабыл алынганын эске салды.

Түркияда жыл сайын  25 -  ноябрдын ушул алкакта  өткөрүлгөн көп сандаган иш  - чара менен эскерилгендигин баса белгилеген Эрдоган : "Максатыбыз – улутубуздун ар бир мүчөсүнүн, аял-эркектин  турмушунда жана коомдо аялдарга карата жасалган зомбулук тууралуу кабардар болушун камсыз кылуу. Түркия бул жагынан алдыңкы деңгээлге жетти",- деди.

Мамлекет катары аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүнү негизги саясат кылгандарын баса белгилеген Эрдоган : «Бул максатта 2011-жылы Үй-бүлө жана социалдык тейлөө министрлигин түзгөнбүз. Министрликтин ар бир ишин кылдат байкоо, колдоо,  керек болсо күрөшкө катышуу менен аялдардын жанында экенибизди көрсөттүк",- деди. 

 

Президент : "Өлкөбүздө аялга карата зомбулук менен күрөштө эң чоң төңкөрүштү 2012 -  жылы чыгарган  6284 номердүү Үй  - бүлөнү коргоо жана Аялга каршы зомбулукту алдына алуу мыйзамы менен жасадык",- деди. 

 



Тектеш кабарлар