Министр Фидандын Лондон жана Париждеги жолугушуулары

Газадагы кагылышууларга «гуманитардык тыныгуу» берилгендиги жөнүндө кабарлар келип жатканда Фидан да жаңжалды толугу менен токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында дипломатиялык байланыштарын ылдамдатты.

2067739
Министр Фидандын Лондон жана Париждеги жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Газадагы максат толук ок атышпоо болушу керек. Израилге таасири бар өлкөлөр туруктуу тынчтыкка басым жасашы керек»,- деди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) менен Араб Лигасынын байланыш тобунун Англиянын борбор шаары Лондон жана Франциянын борбор шаары Париждеги жолугушууларында: «Газадагы максат толук ок атышпоо болушу керек. Израилге таасири бар өлкөлөр туруктуу тынчтыкка басым жасашы керек»,-деп айтты.

Газадагы кагылышууларга «гуманитардык тыныгуу» берилгендиги жөнүндө кабарлар келип жатканда Фидан да жаңжалды толугу менен токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында дипломатиялык байланыштарын ылдамдатты.

Министр Фидан, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Фейсал Бин Фархан, Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Эс-Сафеди, Египеттин тышкы иштер министри Самих Шукри, Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди, Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики, Нигериянын тышкы иштер министри Юсуф Туггар, Араб лигасынын башкы катчысы Ахмед Абу Гайт баш болгон байланыш тобу Лондондо Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон менен жолугушту.

Делегацияны Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон да кабыл алды.

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна менен да сүйлөшүү өткөргөн делегация, Париж жана Лондондогу жолугушууларында Газада мүмкүн болушунча тез арада толук жана туруктуу ок атышпоого жетишүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана эл аралык коомчулуктун бул багытта эффективдүү жана шашылыш чараларды көрүшүнүн ИКУ жана Араб Лигасы өлкөлөрүнүн негизги максаты экенин айткан делегация, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү үчүн коопсуз өтмөктөр экенин билдирди. Газага гуманитардык жардам, азык-түлүк, суу, күйүүчү май жана электр энергиясын жеткирүү үчүн дароо коопсуз өтмөктөрдүн камсыздалышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар