Хакан Фидан Лондон жана Парижге барат

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2067218
Хакан Фидан Лондон жана Парижге барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ислам Кызматташтык Уюму – Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинде кабыл алынган чечимдин алкагында Газадагы согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылууга карата демилгелерди көтөрүү үчүн Англиянын борбор шаары Лондон менен Франциянын борбор шаары Парижге барат.  

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «2023-жылдын 11-ноябрында Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Риядда Газа күн тартиби менен чогулган Ислам Кызматташтык Уюму – Араб Лигасынын кезексиз биргелешкен саммитинде Түркия, Палестина, Сауд Арабия, Индонезия, Египет, Иордания, Катар жана Нигерия да арасында болгон өлкөлөргө согушту токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн эл аралык демилгелерди көтөрүү милдети тапшырылган. Министрибиз бул биргелешкен дипломатиялык аракеттин алкагында жолугушууларды өткөрүү үчүн 2023-жылдын 22-ноябрында Лондон жана Парижге барат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар